«Мобильник» компаниясынын жетекчилиги мурдагы кожоюндарды шылуундукка кине коюп жатышат

22.03.2019, 17:17 Акчабар
«Мобильник» компаниясынын  жетекчилиги  мурдагы кожоюндарды шылуундукка  кине коюп жатышат

 «Мобильник» ЖЧК  ишканасы  Кыргызстандын Башкы  прокуратурасына уюшкан ири суммадагы акчага шылуундук кылган адамдардын тобуна карата арыз менен кайрылышты. Компаниянын жаңы жетекчилиги  компаниянын мурдагы кожоюну Адилет Боотаевга карата кылышым ишин козгоого, ошондой эле «АсИсНур» ЖЧК мүлкүн арестке алууга,  Эрнест Абышкаев менен Таира Жоошбаевге  карата дагы кылмыш ишин ачууну суранышкан. Бүгүн алар бул тууралуу  жазылган кайрылуусун таратышты.

«Жогорудагы адамдардын тобунунун кытымыр оюу «АсИсНур» компаниясынын  программалык системасын «Мобильник» компаниясынын төлөм системасына киргизүү аркылуу жасалган. Эгерде мындай жагдай ишке ашса, анда  «АсИсНур» команиясы  «Мобильник» компаниясына  жамынып алып,  калктан төлөм терминалдары аркылуу  акча чогула бермек. «АсИсНур»  ал каражаттарды ээлеп, бирок эл алдында жоопкерчиликти «Мобильник» компаниясына жүктөмөк – деп жазылат кайрылууда.

Компанияда билдиргендей, схеманын мыйзамдуу болушу үчүн жана жоопкерчиликтен качуу үчүн   «Мобильник» компаниясынын Башкармалыгынын  мурдагы  башчысы Боотаев ЖЧК «АсИсНур» директору  Жоошбаев менен  субагенттик келишимди 2016-жылы түзүшкөн. Келишимге ылайык,  «АсИсНур»  «Мобильник» компаниясынын тапшырмасы менен белгилүу акы үчүн  калктан товар жана кызмат көрсөтүүгө калктан акча  алып,  «Мобильник» менен «АсИсНур» жоопкерчилиги жок эле, үчүнчү жак үчүн (байланыш, электробайланыш, коммуналдык жана башка кызматар менен товарлар үчүн)  «Мобильник» команиясына тиешелүү «Мобилдүү капчык» системасы аркылуу акчаларды жыйнашкан

« Боотаев жана анын орун басары Абышкаев  ЖЧК «Мобильник» компаниясынан  2018-жылы ноябрда  кызматтан кеткенден кийин, алар жалган субагенттик келишим түзүшкөн . Келишимди арткы число менен түзүп,  тактап айтканда 2016-жылдын 1-ноябры деп жазган. Бирок, бул документ  «Мобильник» компаниясынын архивинде дегеле болгон эмес. Дагы бир кошумча келишим аркылуу «Мобильник»  компаниясы ЖЧК  «АсИсНур» төлөм терминалдарын  өз  системасынан чыгарса, айып салынары жазылган. Субагенттик боюнча алгачкы келишимде айып санкциялары каралган эмес. Ошентип, жогорудагы адамдардын тобу «АсИсНур» базасындагы терминалдарды үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздашкан – деп билдирди «Мобильник» компаниясынан.

 «Мобильник» компаниясынан бошогон Боотаев  Абышкаевди ЖЧК «АсИсНур» компаниясынын директору кылып дайындаган. Мындан тышкары «АсИсНур» компаниясына   «Мобильниктен»40  кызматкерди которуп кетип,  «Мобильник» компаниясындагы үйрөнгөн тажрыйбаларын  колдонуп, каражаттардын  баардыгына ээ болууга шарт түзгөн.

«Ошентип, бул  схеманын натыйжасында «АсИсНур» «Мобильник» төлөм терминалы аркылуу  2019- жылдын 1-январынан тартып 20-февралга чейин  элден 11 млн 522 миң702.47 сомду  коммуналдык  жана башка төлөмдөр  үчүн алып, ээлеп алышкан.  Көз карандысыз аудиттин текшерүүсү менен «АсИсНур» компаниясына ушулу жылдын  23-февралда кат жөнөтүлүп,  ал каражаттар элден кабыл алынып, бирок,  аягына чейин операция жасалбай, карыз болуп турганы айтылса дагы каражаттар дарегине кайтарылган эмес.  Жогорудагы каражаттар Башкы прокуратурага  кайрылсан соң жана буга жарыя берилгенде гана кайтарылды» – деп жазылат кайрылууда

 

ЖЧК «Мобильник» компаниясы жогорудагы абалга жөнгө  салуучу  мекемелерди көзөмөлгө алууга чакырат. 

«Баардык далилдүү  документтер Башкы прокуратурага жана учурдагы кайрылууга тиркелди.  Кайрылуу арыз Башкы прокуратурада 2019-жылы 20 мартта каттоого алынды» –деп билдирет «Мобильник» компаиясы.

Тэги: платежные системы Мобильник Асиснур Генпрокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу