Юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды.
Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар да 1-апрелге чейин декларация тапшырышы керек.
Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.