Милиция кызматкери өткөрмө уруксат кагаздарын сатып жүргөн

02.04.2020, 11:00 Акчабар
Милиция кызматкери өткөрмө уруксат кагаздарын сатып жүргөн

Өткөрмө уруксат кагаздарын сатуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

УКМКдан билдиришкендей, 1-апрель күнү УКМК жана ИИМ ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясынын кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалган.

«Такталгандай, ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блокпостордон өтүүгө уруксат берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча талап кылганы аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Пара талап кылуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды», - деп айтылат маалыматта.

Кармалган милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: милиция кызматкери Өткөрмө уруксат кагаздары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу