Уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштей баштады

30.03.2020, 10:15 Акчабар
Уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштей баштады

Уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштей баштады.  Бишкекте коменданттык саатты бузган 122 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

«Бүгүндөн тарта өткөрмө уруксат кагаздары Бишкек шаарындагы Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун ички иштер башкармалыктарында берилет. Учурда уруксат кагаздарын электрондук түрдө берүү тесттик режимде иштей баштады. Жарандар үйүнөн эле электрондук арызды толтуруп, уруксат кагазын алууга мүмкүнчүлүгү болот. Маалымат алуу үчүн 1312 кыска номерине чалууга болот (чалуу акысыз)», - деди ал.

Белгилей кетсек, 29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Тэги: уруксат кагаз электрондук уруксат кагаз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу