Алдын алган маалыматтарга таянсак, 2018-жылы ага чейинки убакытка салыштырмалуу Россиядан Кыргызстанга келген түз инвестициялар 24.9% жогорулап, анын суммасы $123.2 млн болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статкому билдирди.
Негизги бөлүк кайра иштетүү тармагына багытталган. Тартылган түз инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 78% кайра иштетүүгө, анын ичинде 97.6% – азык түлүк, суусундук иштеп чыгууга, электр энергия, газ жана буу тармагын иштетүүгө – 12.8%, анын 3.8% чекене жана дүң соодага, маалымат менен байланыш тармагына – 2.1% бөлүнгөн.
Ушул эле маалда кайра иштетүү тармагындагы инвестициялардын көлөмү көбөйгөн. Өсүү-17.1 эсе болуп, маалымат менен байланыш тармагындагы өсүү 3.8 эсеге жеткен. Бирок, энергетика, газ жана буу тармагындагы инвестициянын көлөмү 5 эсе төмөндөгөн. Соодагы чекен жана дүң сатуу 1.8 эсе азайган.