Оштон Красноярскка туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлөт.
"Манас" эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, ата мекендик авиакомпания 22-майдан тарта Ош — Красноярск — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууну көздөөдө. Каттамдар жумасына бир жолу аткарылат.
Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына беш жолу каттап турган.