Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу азайды

22.09.2020, 16:50 Акчабар
Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу азайды

Пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу азайды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Асрандиев, ага карабастан бул нерсе кырдаалды жакшыртууга кошумча аракеттерди көрүүгө түрткү берерин белгиледи.

Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук да эки өлкөнүн товар алмашуусу азайганын айтып өттү.

«Бул кырдаал товар алмашууну калыбына келтирүү үчүн жаңы жолдорду издөөгө түрткү берет», - деди ал.

Тэги: пандемия Кыргызстан Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу