Республика боюнча жүн өндүрүүчү цехтерди куруу пландаштырылууда, алардын ар бирин курууга 10 миң доллар сарпталат. Бул тууралуу бүгүн экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Буга чейин Москва районунда айыл чарба продуктыларын сактоочу ири завод курулган.
“Мындай заводдорду Кыргызстандын 5 жеринде куруу пландалууда. Бул заводдор чыгарган продукция башка өлкөлөргө экспорттолот”, - деди ал.