Кыргызстанда 5 күн ичинде тазаланган алтын унциясынын баасы 2 миң 422.5 сомго же 30 $ төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук банкта 31 граммдык алтын уютмасынын 22-октябрдагы баасы 173 миң 358 сомду, бүгүн - 170 миң 935.5 сомду түзгөн.
Өз кезегинде сатып алуу баасы 2 миң 387.5 сомго же 29.6 $ кыскарган. Бүгүн алтын унциясын 168 миң 409 сомго сатса болот.