Өзбекстанга мыйзамсыз товар алып бараткан адам кармалды

07.05.2021, 14:30 Акчабар
Өзбекстанга мыйзамсыз товар алып бараткан адам кармалды

УКМКнын чек ара кызматы тарабынан биологиялык активдүү кошулмаларды аткезчилик жол менен ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Беш-Чынар аймагында төрт куту биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып өтүүнү көздөгөн 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.А. колго түштү. Ал продукцияны Өзбекстанга алып бара жаткан. Товардын жалпы наркы 430 миң сомду түздү.

Тиешелүу документтер топтолгон соң жүк менен кармалган адам териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилгени маалым болду.

Тэги: контрабанда ГКНБ БАДы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу