Twitter колдонуучулары Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кыл – байге утуп ал!” лотереясынын өткөрүлүшүнө нааразы болушту.
Алсак, колдонуучулардын бири мынтип жазды: “Салыктан түшкөн лотереянын жыйынтыгы боюнча чатак чыгат. Оператор Ctrl+C жана Ctrl+V буйруктарын аткара албай жатат."
“Акчабардын” редакциясы түз эфирдеги жазууну текшерип, чындап эле 20 жана 21-мүнөттө рандомизатор 6848084 жана 6234987 сандарын жарактан чыгарып салганын көрө алды, бирок алардын ордуна мурда даярдалган сандар коюлган.
Окуянын чоо-жайын Мамлекеттик салык кызматы иликтеп жатат, комиссиянын корутундусунун негизинде комментарий берилет.