Автоматташтырылган башкаруу тутуму орнотулгандан кийин күйүүчү майларды сатуунун көлөмү 49,5% га жогорулады

22.07.2021, 16:00 Акчабар
Автоматташтырылган башкаруу тутуму орнотулгандан кийин күйүүчү майларды сатуунун көлөмү 49,5% га жогорулады

Авто май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулгандан кийин республикада күйүүчү майларды сатуунун көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан маалым болду. 
 
Алсак, 2021-жылдын алты айында май куюучу жайлар аркылуу күйүүчү май сатуунун көлөмү 26,2 млрд сом суммасында 696,3 млн литрди түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөмү боюнча өсүү ыргагы 149,5%ды жана түшкөн акча боюнча 170,5%ды түздү.
 
Азыркы учурда 987 автомай куюучу станциялар автоматташтырылган башкаруу системасын колдонуу менен иш алып барышат. Республика боюнча катталган 1104 май куюучу жайдын ичинен 117 иштебейт.
 
Мындан тышкары, 2020-жылдын 1-июлунан тартып мунай жана мунай заттарын казып алуу, өндүрүү, ташып келүү жана сатуу менен алектенген ишкерлер салык кызматынын маалыматтык системасы аркылуу технологиялык чынжыр боюнча мунай заттарды жүктөө үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) тариздеп башташты. Бул электрондук документте мунай жана мунай заттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттар жөнүндө жана башка маалыматтар камтылат.
 
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар колдонула баштаган күндөн тартып 2021-жылдын 8-июлуна карата 148 036 ЭТТК таризделген.

 

 

Тэги: АСУ ГСМ топливо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу