Өкмөт бир катар импорттолуучу товарларды салыктан бошотту

15.09.2020, 11:30 Акчабар
Өкмөт бир катар импорттолуучу товарларды салыктан бошотту

Өкмөт 2020-жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

 

 

Кабыл алынган чечим 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана аймакта коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу жана ага каршы турууга багытталган чараларды ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Кошумча нарк салыгынын салык салынуучу импорт жана салык салынуучу тапшыруулар боюнча нөл пайыздык коюуму төмөнкү товарлар үчүн колдонулат:

- дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;

- атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;

- көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;

- токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер; 

- компьютердик томография; - медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер; 

- медициналык жана хирургиялык эмеректер; 

- негатоскоптор. 

Кыргызстанга ташылган товарларга нөл пайыз өлчөмүндөгү КНС коюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлиги тарабынан мындай товарлардын максаттуу багыты документ түрүндө тастыкталган шартта колдонулат, анда номенклатурасы, саны, мындай товарлардын баасы, ошондой эле ушундай ташууларды ишке ашырган уюм же жак тууралуу маалымат камтылат.

 

 

Тэги: освобождение от НДС импортируемые товары борьба с коронавирусом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу