ЖЭБ-2 кайрадан жаңыланып, ишке кириши мүмкүн

10.10.2019, 09:00 Акчабар
ЖЭБ-2 кайрадан жаңыланып, ишке кириши мүмкүн

Өкмөт башчы Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышты.

1986-жылы бул жерде борборду жылуулук менен камсыздай турган борборлоштурулган жогорку от казан – Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери башталган. Учурда жогорку от казан  жана Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери аяктоо алдын турат. Жогорку от казандын жабдууларынын жана түтүктөрдүн бир бөлүгү Бишкек шаарынын негизги жылуулук электр борборунун муктаждыктары үчүн демонтаждалган.

«Учурда Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си кандай болот деген маселе турат. Өз учурунда калкты кошумча жылуулук менен камсыз кылуу үчүн курулган. Ал көмүрдү колдонуу эмес, газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкташкан. Учурда бул объектини кантип калыбына келтирүү керек деген маселе турат. Мен бир нече варианттарды даярдоо тапшырмасын бердим. Объектини ишке берүүдөгү негизги принцип – бардыгы экологиялык жактан коопсуз болушу шарт. Учурда Европа көмүрдөн баш тартып, газга өтүүдө», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бир кыйла маанилүү маселе – бул Бишкек ЖЭБ-2нин аймагы.

Өкмөт башчы энергетикалык чөйрөнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, алар менен Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син ишке киргизүү боюнча пландарды, ошондой эле алдыдагы жылуулук мезгилине энергетикалык  объекттердин даярдыгын талкуулады.

 

Тэги: ТЭЦ-2 правительство энергетика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу