2018 – жылы Кыргызстандагы ишканалардын кирешеси 422.3 млн. сомду түзгөн. 2017 – жылга салыштырып караганда бул 3.9%, 2014 – жылга салыштырганда – 45.4% көп көрсөткүчтү берген. Бул маалыматты КР Улуттук статистика комитети билдирүүдө.
Комитеттин маалыматына ылайык, кирешенин өсүшү өндүрүш тармагынан (9.2 млрд. сом), тоо-кен казып алуудан (6.4 млрд. сом), дүң жана чекене соодадан (4.4 млрд. сом) түшкөн.
Акыркы 5 жылдыкта ишканалар 15.2 млрд. сомго жоготууга туш болушкан. Мунун негизги себеби, валютанын туруктуу эместигинде болгон.