2021-жылдын 15-апрелине карата 1,9 миңден ашуун жаран Евразия Өнүктүрүү Банкынын санарип демилгелер фондусунун "COVIDсиз саякаттоо" долбоорунун мобилдик тиркемесин колдонушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1,1 миң адам, Ошто - 767 киши аталган тиркемени колдонгон. Платформа COVID-19 мезгилинде өлкөлөрдүн ортосунда жарандардын жүрүүсүнө коюлган чектөөлөрдөн улам начарлаган Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө багытталган.
"COVID-19суз саякаттоо" мобилдик тиркемеси колдонуучуга сапардын алдында ишенимдүү лабораторияларда жүргүзүлгөн уюлдук телефон аркылуу тесттин натыйжаларын тез жана оңой эле алууга жана аларды контролдоо пункттарында жашыл QR код түрүндө камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - дейт өкмөттөгүлөр.
Эки мамлекеттик вирусологиялык лаборатория тесттик режимде маалыматтык тутумга туташтырылган (Бишкек шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Ош шаарындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору). Лабораториянын адистери долбоордун маалыматтык тутуму менен иштөөгө үйрөтүлдү. Учурда төрт жеке лабораторияны тутумга туташтыруу иштери жүрүп жатат.