Өнөр жайчыларга куюу жана эритүүчү заводдорду жабуу сунуш кылынды

08.11.2021, 09:18 Акчабар
Өнөр жайчыларга куюу жана эритүүчү заводдорду жабуу сунуш кылынды

Ири өнөр жай өндүрүшчүлөрүнөн куюу жана эритүүчү заводдорду жана башка энергияны көп талап кылган өндүрүштүк структураларды кышында токтотууну сунуш кылууда. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК жана “Электр станциялары” ААК ири өнөр жай керектөөчүлөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну суранышты. Жолугушууга электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар да чакырылган.

Энергетиктер жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын энергетика системасынын учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти. Ал эми Токтогул суу сактагычында суунун жетишсиз топтолушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн алар мончолорду, сауналарды жана башка энергияны көп керектөөчүлөрдү альтернативдүү энергия булактарына которууну өтүнүштү.

Тэги: отключение электричества министерство энергетики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу