“Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун жөнөкөй акциялары листингден өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Мындай чечим ушул жылдын 21-июлунда кабыл алынган. Ошентип, компаниянын акциялары фондулук биржанын расмий тизмесине “С” категориясы боюнча киргизилди.
Кошумчаласак, “Кыргызиндустрия” ААКы 2022-жылдын январында 1 миллиард сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандык үч компания, анын ичинде “Кыргызиндустрия” ААК менен дүйнөлүк биржага чыгуу ниетин билдирген.