Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат

30.10.2019, 10:20 Акчабар
Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат

Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты.

«Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата районунун, Түп районунун жана Жалал- Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери семинар-окуулардан өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт.

Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт.

Тэги: зарплата автоматизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу