Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө тышкы карызды эл аралык резервдер менен жогорку жабуу Россияда гана камсыздалган – 134,3%, деп жазды ЕЭК.
Тышкы карызды резервдер менен жабуу боюнча Кыргызстан ЕАЭБде экинчи көрсөткүчкө ээ – 28,3% же үчтөн бирден аз. Бирок башка мүчө мамлекеттерде бул көрсөткүч андан да төмөн, Беларуста 18,7%дан Арменияда 21,9%га чейин.
Ошол эле учурда, 2022-жылдын 1-апрелине карата өткөн жылдын тийиштүү датасына салыштырмалуу Армениядан (-1%) башка ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде эл аралык резервдер тышкы карыздын пайызында көбөйдү.