Мугалимдер, дарыгерлер жана куруучулар: Кыргызстанга азыр кайсы адистер керек?
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң чоң кадр тартыштыгы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана курулуш тармактарында байкалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын чыңдоо» долбоорунун алкагында сунушталган жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөдө айтылат.
2026-10-04 08:04:30