
Жарыяланган
2026-14-09, 14:06Бишкек шаарында алты акча алмаштыруучу жайдын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Алар өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын эрежелерин бузганы үчүн лицензиясы убактылуу токтотулган.
Анын ичинде «Бөкөнбаев көчөсү 76-үй, 2-батир» дарегиндеги «Кейджи 098» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы 12-сентябрдан 16-сентябрга чейин токтотулган.
Андан тышкары дагы беш акча алмаштыруу жайдын лицензиялары 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин токтотулган:
- «Милан Обмен» - Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 5-үй;
- «МЭФФ КЭШ» - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 105-үй;
- «Престиж Мани А» - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 119-үй;
- «Гранд Моней» - Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү 53/1-үй;
- «Жетиген и Ко» - Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150, 29/1-кеңсе.



