
Жарыяланган
2026-06-10, 14:58Бишкек шаарында «Гимэкс» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
«Гимэкстин» лицензиясы 6-октябрдан 15-октябрга чейин токтотулду. Ага акча алмаштыруу жайынын өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын эрежелерин бузганы себеп болгон.
Аталган акча алмаштыруу жай "Абдрахманов көчөсү 125" дарегинде жайгашкан.



