2020-жылы Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2.3 млрд $ түздү. Анын ичинен дээрлик 1.5 млрд $ рубль менен (РФ Борбордук банкынын курсуна ылайык) которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Жалпысынан 8.5 млн которуу жүргүзүлгөн. Өтчеттук мезгилдин I кварталында Кыргызстанга 20.9 млрд рубль, II кварталда – 22.6 млрд рубль (307.4 млн $) которулган.
Экинчи жарым жылдыкта акча которуулардын көлөмү 50% жогорулаган. III кварталда 36.2 млрд рубль (492 млн $), акыркы үч айда 31.3 млрд рубль (426 млн $) түшкөн.
Өлкөдөн сыртка 16.4 млрд рубль (222 млн $) которулган.