«Кыргызавтожолдун» жетекчилиги 10 млн сомдон ашык кымырып алган

25.05.2023, 12:21 Акчабар
«Кыргызавтожолдун» жетекчилиги 10 млн сомдон ашык кымырып алган

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып "Е." ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө менен мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуп, 2020-2022-жылдар аралыгында "Е." ЖЧКсына бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которуп жиберишкен.

"Бирок, көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары, салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, "Е." ЖЧКсы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше болчу кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: новости Кыргызстана присвоение денег Растрата уголовное дело

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу