1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат

31.05.2022, 15:01 Акчабар
1-июлдан баштап энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салынат

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-июлунан тартып энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана Кыргызстандын аймагына импорттоого акциздик салык салынаарын эскертет.

Маалыматка ылайык, акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.

Мыйзамга ылайык, организмге сергитүүчү таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеинди жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.

Кошумча маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлери аркылуу алса болот.

Тэги: ГНС акцизный налог

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу