Жыл башынан бери Улуттук банктын алтын унцийинин калкка сатуу баасы 20 миң 879,5 сомго кымбаттады. Мындай корутундуларды Улуттук банктын маалыматтарынын негизинде жасоого болот.
Демек, 9-январда кыргызстандыктар 31,1 грамм салмактагы алтын куймасын 166 миң 845,5 сомго сатып алса, бүгүнкү күндө анын баасы 187 миң 725 сомду түзүүдө. Ошентип, ал 12,5% же 238,6 долларга кымбаттады.
Бүгүн 14-апрелде алтындын унцийи өтө кымбаттап, эң арзаны 25-февралда 166 миң 456,5 сом болгон.
Ошол эле учурда Улуттук банк алтынды 184 миң 951 сомдон сатып алууда.
Муну менен катар бүгүн 1 грамм салмактагы алтынды 7 миң 193,5 сомдон, 2 граммды 13 миң 91 сомдон, 5 граммды 30 миң 740,5 сомдон, 10 граммды 60 миң 508,5 миң сомдон сатып алууга болот.