Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен бала бакчанын имараты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Имарат 7 миллион 400 миң сомго бааланган.
“Прокурордук чара көрүү актынын негизинде жогорудагы социалдык объект Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.