Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонунмамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим Токтомамбет Сатышовдун жаңы ишке өткөндүгүнө байланыштуу кабыл алынганы айтылат.
Анын ордуна Нуртазин Жетыбаев дайындалды. Ал 2021-жылдын декабрында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. О.э. Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы долбоорду ишке ашыруу тобун жетектеген.