Ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн Салык кызматынын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган чет элдик К.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик жаран Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине 150 миң сом акча берип жаткан. Ал кампалардагы товарлардын санын азайтуу максатында пара берүүгө аракет кылган.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.