Салык кызматына 71,5 миң мамкызматкер декларация тапшырды

13.06.2023, 13:52 Акчабар
Салык кызматына 71,5 миң мамкызматкер декларация тапшырды

Быйыл 1-июнга карата 71 513 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер салык декларациясын тапшырган, бул жалпы сандын дээрлик 100%ын түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев 13-июнда “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, салык декларациясын тапшырбагандарга да жаза каралган. Ал эми былтыркы жылдын отчеттук күнүнө карата декларация тапшырган мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны 58 миңди түзгөн. 

Декларацияларды кабыл алуу аяктагандан кийин декларацияны өз убагында тапшырбагандардын тизмеси түзүлөт. 

“Бул тизме тиешелүү чараларды көрүү үчүн Башкы прокуратурага берилген. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге тартиптик жазалар каралган. Мындан тышкары, экинчи этапта декларациялардын ишенимдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт. Бул мамлекеттик кызматкердин кирешеси декларацияда канчалык ишенимдүү чагылдырылганы, анын жыйынтыгында Башкы прокуратурага дагы маалымат берилет”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу