Инвестициялар министринин м.а Нурадил Баясов иш сапарынын алкагында Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында Ajlan & Bros Holding Group башкармалыгынын төрагасы Али Аль Хазми менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун максаты энергетика маселелерин (КЖЭБ), 2020-2030-жылдар аралыгында ишке ашыруу пландаштырылган 360дан 440 МВтка чейинки ГЭСтерди инвестициялоону талкуулоо болду. Кыргызстандын аймагында, ошондой эле Сауд Аравия Падышалыгында ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү.
Энергетика тармагында эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде Баясов Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлорун тааныштырды жана «жашыл өнүктүрүү» платформасында 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ролун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө холдинг ошондой эле Кыргызстандан эт азыктарын, бөтөлкөдөгү сууну, ошондой эле мөмө-жемиштерди жана кургатылган жемиштерди экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.