Шаардык кеңештин депутаттары кичи жана орто бизнести колдоого багытталган маселени кароодон баш тартышты

19.11.2020, 14:50 Акчабар
Шаардык кеңештин депутаттары кичи жана орто бизнести колдоого багытталган маселени кароодон баш тартышты

Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык депутаттарга кичи жана орто бизнеске жардам берүү маселелерин кароону сунуштады. Бул тууралуу шаардык кеңештин онлайн жыйынында маалым болду. 

Шаардык кеңештин депутаты карантин мезгили үчүн ижара акыны албоо сунушун берди. 

 

«Бул жыл баарыбыз үчүн оор болду. Төрт ай карантиндик чаралар киргизилди. Азыр кичи жана орто бизнеске абдан кыйын болуп турат. Бул суроону карап чыкса болот», –  деп белгиледи Конгантиев. 

Ошондой эле, депутат карантин учурунда чегерилген айыптарды эсептен чыгарууну жана ижара акысын төлөө графигин түзүүнү карап чыгууну сунуш кылды.

Бирок, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул маселени кароого каршы болушту. 

Тэги: Кубанычбек Конгантиев кичи бизнес орто бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу