Биринчи Май райондук билим берүү борбору 2024-жылдын экинчи кварталына азык-түлүк сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 21 млн 74 миң сомду түзөт.
Бул акчага Биринчи Май районунун мектептерине азык-түлүк берүү пландалууда.