Мобилдик Интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде Кыргызстан 137 өлкөнүн ичинен 90-орунду ээледи. Бул тууралуу Speedtest жазды.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандагы мобилдик Интернеттин ылдамдыгы Өзбекстан, Беларуссия, Тажикстанга караганда жогору, ал эми Казакстан жана Орусиядан төмөн.
Байланыш ылдамдыгы боюнча биринчи орунду Бириккен Араб Эмираттары ээледи (193,51 Мбит/с). Кийинки орунда Түштүк Корея (180,48 Мбит/с), Катар (171,76 Мбит/с), Норвегия (167,60 Мбит/с) турат.
Өз кезегинде, Кыргызстанда мобилдик Интернеттин ылдамдыгы 25,68 Мбит/с түзүп, ушул жылдын январь айына салыштырмалуу ылдамдыгы дээрлик 22% га жогорулады.