Сүлүктү мэриясы 700 миң сомдон ашык каражатты максатсыз жумшаган

27.01.2023, 12:40 Акчабар
Сүлүктү мэриясы 700 миң сомдон ашык каражатты максатсыз жумшаган

Эсептөө палатасы Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын 2020-2021-жылдагы бюджетти аткарышы, мэриянын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн сакталышы боюнча аудит жүргүзгөн. Текшерүү учурунда 700 миң сомдон ашык мамлекеттик каражат максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Финансылык текшерүү Сүлүктү шаарынын муниципалитетинде, Финансы министрлигинин Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгында жана алардын муниципалдык мекемелеринде жүргүзүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгында 780,1 миң сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинде;

  • товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги – 4,5 миң сом, 
  • иш сапардык чыгымдардын ашыкча төлөнүшү – 13,8 миң сом, 
  • курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана өздүк наркын ашыкча баалоо – 36,6 миң сом,
  • максатсыз пайдаланылган мамлекеттик каражаттар — 709,1 миң сом, 
  • бюджетке кошумча чегерилген кирешелер — 16,1 миң сом. 
  • эмгек акынын негизсиз төлөнүшүнө байланыштуу бюджеттин 60,0 миң сом чыгымы аныкталган.

Мындан улам финансылык тартип бузуулардын ичинен 745,7 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Текшерүүнүн жүрүшүндө 34,4 миң сом өндүрүлгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу