Суу чарба кызматы: айдоо алдындагы сугат иштери аяктады

12.01.2024, 10:30 Акчабар
Суу чарба кызматы: айдоо алдындагы сугат иштери аяктады

Суу чарба кызматы күзгү-кышкы жана айдоо алдындагы сугат иштерин ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Ирригация илим изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев билдирди.

Республикалык бюджеттен 935,6 млн сом суммасында каржыланган оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин алкагында инфраструктураны масштабдуу жаңылоо жүргүзүлдү. Анын алкагында 634,7 километр каналдарды ремонттоо, бетондоо жана механизациялаштырылган тазалоо, ошондой эле 680ден ашык гидротехникалык курулуштарды оңдоо иштери жүргүзүлдү.

“Насостук станцияларга, аларды оңдоого жана жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Натыйжада сугат жерлерин сугаруу үчүн чыгарылган суунун көлөмү 430,3 млн кубометрге жетип, былтыркы көрсөткүчтөн 11,6 млн кубометрге көп”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: Служба водных ресурсов полив новости Кыргысзстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу