2019-жылы Кыргызстандын Социалдык фонду, фондко тийиштүү болгон ишканалардын акционери катары 1 млн 237.5 миң доллар (86 млн 22.9 миң сом) алды.
2019-жылдын жалпы кирешесинин ичинен, баалуу кагаздардан түшкөн киреше 0.1576% түзгөн.
Камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 476.8 млн доллар (33 млрд 144 млн 294.3 миң сом) киреше келип түшкөн.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары «КР Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджети жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу бюджет» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышкан. Бул документке ылайык, Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинде киреше - 57 млрд 892 млн 134.4 миң сомду, чыгаша 57 млрд 104 млн 965.8 миң сомду түзгөн.