«Социалдык келишимдин» катышуучуларына финсабаттуулук үйрөтүлөт

25.03.2024, 15:43 Акчабар
«Социалдык келишимдин» катышуучуларына финсабаттуулук үйрөтүлөт

“Социалдык келишим” программасынын катышуучуларына финансылык сабаттуулук үйрөтүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Мекеменин өкүлдөрү программанын өнөктөштөрү менен биргеликте социалдык келишимдин катышуучулары жана жаңы жөлөк пул алуучулар менен жолугушууларды өткөрөт. Ошентип, Сокулук районунда кезектеги жыйын болуп, иш-чаранын уюштуруучулары туруктуу киреше алып келе турган жана кирешелүү долбоорлорду жазуу боюнча сунуштарын беришти.  

Ошону менен бирге кулпунай, малина, майда жандыктарды өстүрүү, балык өстүрүү, канаттууларды өстүрүү, ошондой эле балчылыкты өнүктүрүү боюнча кеңири окуулар өткөрүлдү. Иш-чара Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурулган. 

Тэги: Социалдык келишим финансылык абал каржылык сабаттуулук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу