«Сосновкада» 1 кгдан ашык баңгизат ташып бараткан аял кармалды

01.02.2022, 16:00 Акчабар
«Сосновкада» 1 кгдан ашык баңгизат ташып бараткан аял кармалды

Чүй облусундагы "Сосновка" стационардык постунда бир килограммдан ашык "гашиш" баңгизатын ташып бара жаткан 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда жүргүнчүдөн өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул 1 килограмм 5 грамм салмактагы гашиш болгон.

Кармалган адам соттун чечими менен Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Тэги: маң зат Сосновка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу