Чүй жана Ош облустарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын 141 кызматкери негизги иштеген жери боюнча акысын сактоо менен жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомду түзгөн эмгек акыларын которушту. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
2-3 күндүн ичинде Саламаттык сактоо министрлиги республиканын бардык мобилизацияланган медициналык кызматкерлерине март айындагы эмгек акыны 100% төлөөнү пландаштырууда. Бул стационарлардагы медициналык кызматкерлерге баштапкы-медициналык-санитардык жардам (ҮМБ/ҮДТ/ФАП), ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызматтар.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 8-апрелинен тарта Саламаттык сактоо министрлиги март айы үчүн COVID 19 катталган очоктордо иштеп жаткан медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнү баштаган.
Компенсация төмөндөгүчө төлөнүп берилет:
Дарыгерлерге 46 миң сомго чейин;
Медайымдар үчүн 41 миң сомго чейин;
КР Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн 38,5 млн сом - жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу кайрымдуулук катары которулган.