Банктар аралык соодада 6-апрелде коммерциялык банктар 550 миң доллар сатып алышты. Бул маалыматты жөнгө салуучу орган берди.
Бардык транзакциялар бүтүмдүн күнү боюнча жөнгө салынды. Аукциондо доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде калды.
Кошумчалай кетсек, 5-апрелге салыштырмалуу банктар аралык соодада чет элдик валютага суроо-талап 2,5 эсеге кыскарган.