Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында орточо айлыктын суммасы 16 миң 451 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу эмгек акы 4.6% өскөн. Эмгек акысынын көтөрүлгөнү Кыргызстандагы бардык ишканалардан байкалган.
Мисалы, курулуш тармагында иштегендердики 11.5%, тоо-кен тармагындагылардыкы – 11.3%, кесипкөй, илимий жана техникалык тармактагы кызматкерлердики – 10.8%, мейманкана жана тойканада кызмат кылгандардыкы – 10.5%, кыймылсыз мүлк менен иш алып баргандардыкы – 7.7%, суу тазалоо, таштандыларды кайра иштеп чыгуу – 75, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө кызматындагылардыкы – 6.4% көтөрүлгөн.