Россиялыктардын айлык акысы Кыргызстандан 70% көп

19.07.2019, 11:44 Акчабар
Россиялыктардын айлык акысы Кыргызстандан 70%  көп

Россиянын  Росстат уюму 2019-жылдын январь-июнь  айындагы орточо айлык акыны жарыялашты. Анда  49.8  миң рубль же ( Улуттук  банктын курсу менен санасак 54.8  миң сом) болуп, Кыргызстандыктардын айлык акысынан  70% жогору. Учурда Кыргызстанда орточо айлык акынын суммасы  16.6 миң  сом. 

 Россиянын  775 миң жараны  айына  11.2  миң руль  айлык алат. Негизги  категория 33.9 миңден  40 миң рубль айлык алгандардын жалпы саны — 2.6 млн.

0.1% жалпы жумушчулардын ичинен 1 млн рубль табышат. Жогорку айлык алгандар транспорт  чөйрөсүндөгүлөр — орточо айлык акылары  169  миңрубль. Ал эми нефтичилер экинчи орунда — 153 миң рубль  алышат. 

Кыргызстанда  эң жогорку айлык тоо-кен тармагында иштегендерде (39.2миң  сом), финансы тармагында  (35.8 миң) жана энергетиктер (30.6  миң сом алышат).

Айтмакчы, эки өлкөнүн статистика комитети расмий эмес иштеген адамдардын айлык акыларын эске алышкан эмес .

Тэги: зарплата труд статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу