«Убактылуу» айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15 - февралда аяктайт

04.02.2020, 11:32 Акчабар
«Убактылуу» айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15 - февралда аяктайт

КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2020 - жылдын 15 - февралында, 2019 - жылдын 10 - июлунан тарта декабрь айына чейин берилген «убактылуу» айдоочулук күбөлүктүн  мөөнөтү бүтөөрүн билдирет. 

Буга байланыштуу МКК «убактылуу» айдоочулук күбөлүктү 2020 - жылдын 15 - февралына чейин алмаштыруу керек экендигин маалымдайт. 

Айдоочулук күбөлүктүү алмаштыруу үчүн арыз мамлекеттик «Унаа» мекемесинин аймактагы мекемелеринде кабыл алынат. 

Арыздар Бишкек шаары боюнча төмөнкү даректерде кабыл алынат: Чокан Валиханов көчөсү 2 (Аю Гранд гипермаркети районунда), даяр айдоочулук күбөлүктөр Ауэзов көчөсү  1/5 дарегинде жайгашкан, «Два прораба» гипермаркетиндеги № 4 калкты тейлөө борборунда берилет. 

 

 

Тэги: временные права срок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу