Стартаптарды колдой турган борбор ачылды

13.02.2020, 16:00 Акчабар
Стартаптарды колдой турган борбор ачылды

Орто жана кичи бизнес өкүлдөрүндө бизнес идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бишкекте Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен бизнес-инновацияларды өнүктүрүү боюнча Peak Bishkek борбору  ачылды.

DFID программасынын жетекчиси Кыял Султанбаеванын айтымында, аталган борбор жумуш орундарын пайда кылууда жана бизнес жүргүзүүдөгү инновациялык методдорду киргизүүгө жардам берет.

PEAK Bishkek Кыргызстан менен Улуу Британиянын кызматташтыгы үчүн платформага айланат.

«Эки жыл ичинде дагы беш борборду ачуу пландалууда. Талапкерлерди абдан дыкат тандайбыз. Алар пландары инновациялуу экендигин көрсөтүп, долбоорун акырына чейин ишке ашыруу максаты болушу керек»,- дейт Кыял Султанбаева.

PEAK Bishkek 2019-жылдын апрелинде иштеп баштаган. Бул убакыттын ичинде долбоорго катышууга 100 билдирүү түшкөн, бирок азырынча 12си өткөн.

Программанын реализациялануусу 4 жылга эсептелген, ал DFID тарабынан каржыланып, суммасы 19,7 млн фунт стерлингин түзөт.

2023-жылга чейин Кыргызстандын аймагында 10 борбор ачуу пландалууда. 1,1 миңге жакын стартап колдоого алынып, жергиликтүү 800 ишкана окутуудан өтөт, 5 миң жаңы жумуш орундары түзүлөт.

 

Тэги: стартап колдоо борборэ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу