2019-жылдын 7 айында дем берүүчү гранттардын эсебинен 113 млн 69,5 миң сомго 140 долбоор каржыланды. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.
2019-жылдын 1-августуна карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берген билдирмелерине ылайык, республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча жалпысынан 113 млн 69,5 миң сомго 140 долбоор каржыланды.
Дем берүүчү гранттардын каражаттарынын региондор боюнча бөлүштүрүлүшү:
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 2019-жылы 247 долбоор 599 млн 699,5 миң сом керектөөсү менен ишке ашырылат.
«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 600 млн сом каралган.
Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары берген отчёттордон көз каранды (суралган суммага жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттын талап кылынган көлөмүнө жараша, грант, отчёт тапшырылгандан кийин, долбоордун тибине жараша (өздүк, тартылган, республикалык бюджеттин) каражаттардын өздөштүрүлүшүн эске алуу менен бөлүп-бөлүп берилет).
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары курулуш иштерин аткаруу үчүн подряддык уюмдарды аныктоо максатында тендердик жол-жоболорду өткөрүшөт, тендердин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзүлгөн келишимдерди бериши зарыл, бул келишимдерге ылайык үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо ишке ашырылат.