КР курулуш бизнесинин өкүлдөрү үчүн, Өзбекстан мамлекетинен өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк пайда болду. КР соода өнөр-жай палатасы курулуш тармагындагы ишкерлерди Өзбекстандын Ташкент шаарында 25-28-февралда өтө туруучу эл аралык курулуш UzBuild көргөзмөсүнө чакырат.
Көргөзмө «Узэкспоцентр» имаратында өтөт. «Катышуучулар курулуш тармагындагы заманбап тренддер менен тааныша алышат», — деп жазылат маалыматта.