Суу чарба департаментинин кызматкерлери мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген

25.05.2023, 09:58 Акчабар
Суу чарба департаментинин кызматкерлери мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Суу чарба департаментинин кызматкерлери 2010-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ак-Сай дарыясынын башкы суу алуучу объектисин реабилитациялоо жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында суткалык жөнгө салуу бассейнинин курулушун баштаган. Долбоордун сметалык баасы 170 млн. сомдон ашкан. Бул иштерди “Тянь-Шань Трэвел” ЖЧКсы, “Каиндинский USSM” ЖЧКсы, “Эмпайр Групп” ЖЧКсы, кийин анын ордуна “Жагалмай” ЖЧКсы аткарары пландалган. 

2016-2019-жылдар аралыгында документтеринин жоктугуна карабай Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу чарба курулуш дирекциясынын башчысы С.А.Т. ишканалардын эсебине акча каражаттарын которуу боюнча келишимге кол койгон. 

"Техникалык көзөмөл тарабынан бекитилген акча которуунун көлөмү 19 млн. 123 миң 505 сомдун ордуна 88 млн. 432 миң 330 сомго жеткен", - деп айтылат маалыматта. 

Аткарылган иштердин сапаты техникалык нормаларга жана курулуш эрежелерине ылайык келбегендиги аныкталган. 

"С.А.Т. дирекциясынын жетекчиси тарабынан кабыл алынган бүткөрүлгөн иштердин суммасы менен техникалык көзөмөл тарабынан кабыл алынган сумманын ортосундагы айырма 50 млн. 185 миң 320 сомду түздү", - деп белгилейт УКМК.

Учурда тергөө иштери уланууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу