Кыргызстанга чет мамлекеттерден которулган акчанын көлөмү азаюуда

16.01.2020, 10:44 Акчабар
Кыргызстанга чет мамлекеттерден которулган акчанын көлөмү азаюуда

2019-жылдын 11 айында Кыргызстанга чет мамлекеттерден которулган акчанын жалпы суммасы 2, 192 млрд. долларды түздү. Улуттук банктын маалыматына таянсак, бул андан мурунку жылдагы көрсөткүчкө караганда 287,4 млн. долларга аз.

2019-жылдын ноябрь айында сырттан октябрь айына караганда 28,09 млн. долларга аз акча которулган.

Чет жактардан которулган акчанын 90% Орусиядан келет. Ал жактагы мигранттардан былтыр 2,148 млрд. доллар келген. АКШдан 27,9 млн. доллар которулган. Башка чет мамлекеттерден 13,7 млн. доллар келген.

Улуттук банк ошол эле учурда Кыргызстандан сыртка которулган акчанын басымдуу бөлүгү да Орусияга кетерин маалымдайт. Ага ылайык, былтыр Орусияга 487,9 млн. доллар которулган.

2018-жылы Кыргызстанга сырттан келген акчанын өлчөмү 2,685 млрд. долларды түзгөн. 

 

Тэги: сыртта которулган акча көлөм сумма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу